Аксыда түн ичинде короого кирген иттер кой-эчкилерди тиштегилеп кетти.
Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагындагы жашоочулардын короосуна тобу менен жүргөн иттер кирип, 6-7 койду өлтүргөн.
Айыл тургуну Сыймык Данишер уулунун короосундагы козулуу кой менен катар 6 кишинин кой-эчкиси бир түндө өлгөн. Кол салган иттерди айыл эли кубалап жеткен эмес. Элеттик тургун бул окуя боюнча айыл өкмөт башчысына кабар бергенин айтат.
"2-майдын түнү короого 4-5 кароосуз жүргөн ит кирип, короодо камалып турган козулуу койду тиштегилеп, айрым жерлерин жеп кетишиптир. Аны эртеси күнү көрдүк. Ошол эле түнү биздин кой менен бирге кошуна жашаган 6 үйгө кирип, кой-эчкилер өлгөн экен. Койлорун иттер жеп кеткен тургундар айыл өкмөт башчыга арыз менен кайрылдык, бирок майнап жоктой. Мен билгенден акыркы 2-3 жылдан бери жолбун иттерди атып кеткен учур боло элек. Анын себебин түшүндүргөн жан жок. Негизи түнкүсүн көчөдө жөө басуу кооптуу болуп калды", - дейт айыл тургуну.
