Аксы районунун Кара-Сууайыл аймагынын Кара-Суу айыл өкмөтү Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кадрлардын резервине кирүү үчүн ачык сынак жарыялайт:
- Улук кызмат орунуна
- Кенже кызмат орундарына
1.Улук административдик муниципалдык кызмат оруну үчүн жалпы мыйзамдар:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
- Кенже административдик муниципалдык кызмат орундары учун жалпы мыйзамдар:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
Улук кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар
1) кесиптик билимдин деңгээли:
– финансы-экономика багытындагы жогорку билим;
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
– төмөнкүлөрдү билүү:
- Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;
Кенже кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар
1) кесиптик билимдин деңгээли:
– кызмат орунуна жараша тиешелүү адистиги боюнча жогорку же болбосо орто кесиптик билим; (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юридикалык, гуманитардык, финасы-экономикалык, айыл чарба, ветеринардык, техникалык,курулуш, энергетика, геодезия жана жерге жайгаштыруу, геологиялык).
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
– иш стажына талап коюлбайт;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
– төмөнкүлөрдү билүү:
- Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;
-
Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн:
• Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
• Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү (Word, Excel, САНАРИП, СЭД, маалыматтык-укуктук системасы).
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди атайын папкага көктөп тапшыруу зарыл:
-өзүнүн арызы;
-резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);
-өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
-нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүргөн негизги жана кошумча билими (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
-нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүргөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
-паспорттун көчүрмөлөрү;
Жөнөткөн документтери жана маалыматтары белгиленген тартипке жооп бербеген жарандар конкурска катышпайт.
Документтерди кабыл алуу Кара-Суу айыл өкмөтүнүн кенсесиндежарыя чыккандан он күн ичинде кабыл алынат.
Дареги: Кара-Суу айылы
М.Четинбаев көч. №56 үй
Кара-Суу айыл өкмөтү
Сурап билүү телефону: 0502-13-96-40