Жалал-Абад облусунун Аксы районунда сел жүрдү, деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Аксы районунда, 5-майда саат 02:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Кош-Дөбө айыл аймагындагы Мундуз-Сай сайынан сел түшүп, Кош-Дөбө-Мундуз унаа жолунун 5-чакырымында жол жээгин жеп кеткен.
- "Азыркы тапта жол каттамы ачык. Турак жайларга коркунуч жаралган эмес", - деп айтылат маалыматта.
